АЖЫРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 27 Май (Бугу) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Cynodon dactylon) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Манжа сымал А. сабак тамырлуу өсүмдүк, сабагынын бийикт. 40‑80 см, түп жагы жерге төшөлүп өсүп жалбырак‑бутактуу. Тамыр сабагы абдан узун, бутактуу, катуу. Жалбырагы узун, ичке, катуу, бо­зомук. Топ гүлү – та­таал машакча (3‑8 машакчадан турат). Машакчасы 1‑2 гүл­дүү. Июнь- сентябр­да гүлдөп, урукта­нат. Данынын чоң­дугу 1,5 ммдей, түк-
Файл:АЖЫРЫК13.png

сүз, коңур күрөң. Тропик, субтропикте, Түш. Африка, Австралияда 10 түрү, Кыргызстанда бир гана түрү – манжа сымал А. өсөт. Аны мал жакшы жейт. Ал пахта, жашылча, шалы, бак­ча өсүмдүктөрүнө өтө зыяндуу отоо чөп; стадион аянтчалары дың ж‑а жашыл болушу үчүн өстүрүлөт. Уругу көбүнчө анын жапайы өскөн жерлеринен жыйналып алынат. Көчүрүп отур­гузса, тамыр-сабагы аркылуу да жакшы көбөйөт.