АЖЫРАШ АЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. Ажыраш аяк берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өйдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсеп­тегендик, атүгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында Ажыраш аяк берүү салты сакталып калган.