АЖЫРАШ АЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. А. берип жаткан киши алар м‑н кошуна турган мезгилде өөдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А. берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. А. бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсеп­тегендик, а түгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында А. берүү салты сакталып калган.