АЖЫРАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 электрдик – обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу ж‑а кый­мылсыз тиймектерден турган электр тех. тү­зүлмө. Анын негизги кызматы электр тизме­гинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кез­де ажыратуу ж‑а алмаштырып бириктирүү. А. электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт ж‑а жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүл­мөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен уту­румдук ж‑а оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуз­дукту камсыз кылат. А‑тын чабылуучу (6­10 кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тий­мектик тегиздикте чабылат), айлануучу (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, быча гы жерге жарыш тегиздикте айланат), п а н­тографтык (чыңалуусу 500‑750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып‑жазыла турган), а с ы л м а ж. б. түрлөрү болот.