АЖЫКЕЕВ Эсенкан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫКЕЕВ Эсенкан (1924, Нарын облусу, Жумгал району, Баш-Куууганды айылы -­ 30.7.1989, Россия ) – шахтер, өндүрүш алдыңкысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1939-жылдан Нарын музыкалык театрында солист болгон. 1942-­49‑жылдары Советтик Армиянын ката­рында кызмат кылган. 1951-жылдан рудникте катардагы бургулоочудан мастерге чейин ишге­ген. Кийин мастерге чейин көтөрүлгөн. Ажыкеевдин бригадасы эмгек­теги зор ийгиликтерге же­тишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылдан ардактуу эс алууга кеткен.