АЖЫДААР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫДААР– мифологиялык жаныбар; элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. А‑дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жаман­дык да кылуучу жаныбар катары пайда болгон. Мис., «Манас» эпосунда А. суунун жана жаан‑чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.