АЖЫБЕКОВА Гүлсара

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., На­рын обл., Нарын ш.) – артист, КРдин эл арт.

. 1972‑ж. Москвадагы А. В. Луначарский атн. мамл. театр ин‑тунун актёрдук ф‑тин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамл. акад. дра ма театрында артист, 2002‑04‑ж. Кырг‑н кине­
матографисттер союзунун төрайымы болуп иштеген.
А. театрда ж‑а кинодо бүт күл инсандык, сүрөткердик кубаты м‑н каармандардын образын түзүп, алардын ич ки сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү да ражада бере алган. Аткар­ган негизги ролдору: Ели

Файл:АЖЫБЕКОВА8.png

завета (У. Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик траге дия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүү­лөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугали­ми»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж.
Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Ак­маталиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чың­гызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Сали ма (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эне­нин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү ш‑нда өткөрүлгөн

Файл:АЖЫБЕКОВА9.png
«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.

О. Азия респ‑ларынын ж‑а Казакстандын «Ноо­руз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (реж. Р. Ибрагимбеков) тергөө­чүнүн – аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑ж. «Бир актёрдун театры» м‑н Россия ж‑а Украи­нанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепид­дин «Медея» спектаклин коюшкан. А. «Гульса­ра» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектейт (2006). Медалдар м‑н сыйланган.
Т. Сатаров.