АЖЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫ – мусулманчылык парзын аткарып, Ме­кеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наа­мы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7—13‑үндө (хижра ай календарынын 12‑айы) Ме­кеге зыярат кылууга келишет. Шарият б‑ча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. А‑лык парзын аткарып келген адамдарды ур­мат менен А. деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).