АЖЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – мусулманчылык парзын аткарып, Ме­кеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наа­мы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7— 13‑үнде (хижра ай календарынын 12‑айы) Ме­кеге зыярат кылууга келишет. Шарият б‑ча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. А‑лык парзын аткарып келген адамдарды ур­мат м‑н А. деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).