АЖАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (өздөрүн ачарели деп аташат) – Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 500 миң адам (2010). Грузин 

тилинде сүйлөшөт. А. грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10‑к‑дан бел гилүү. Алар б. з. ч. 6‑4‑к‑да Колхида, кийинче­рээк Иберия падышачылыгынын, б. з. 4‑к‑да грузиндердин мамл. бирикмеси – Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4‑к‑да A‑да христиан дини та­раган. Алгач селжуктар (11‑к.), кийин түрктөр

Файл:АЖАРЛАР7.png
Улуттук му­зыкалык аспа­бы – чибониде күү чалууда.

(16‑к.) басып алган мезгилде А. ислам динин кабыл алган. Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус‑түрк согушунан кийин (19‑к.) Грузиянын курамына кошулган. 1990‑ж. Ажар автономия респ. болуп түзүлдү. А. негизинен мал чарбачы­лык ж‑а дыйканчылык м‑н кесип кылышат.