АЖАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (ар. – өлүм, тиричиликтин бүтүшү) – адамдын жарык дүйнөдөгү тиричилигинин акы­ры; денедеги зат алмашуунун түбөлүк токтошу.

А. түшүнүгү адам баласынын өмүрүн Алла ку­дурети м‑н белгилеп койгон адамдын өмүрү де ген эзелки ишеним түшүнүктөрдү да камтыйт. «Тагдыр», «Маңдайга жазылган», «жазмыш», «пешене» сыяктуу сөздөр ошонун далили. Эл ичинде айтылып жүргөн «ажал жолу чилдин арышынан кыска», «ажалды оозуна тиштеп», «ажалсыз пенде жок», «ажал жетпей өлмөк жок» деген сөздөр А. м‑н тагдыр түшүнүктөрүнүн ор­тосундагы байланышты түшүндүрөт. Дүйнө таа­ным аркылуу караганда тиричиликтин маанилүү шарттарыньш бири.