АДЫРАШМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Peganum) – жуп жалбырактуу­лар тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. А‑дын 6 түрү белгилүү. Узун тамыры ылдый тик өсөт. Сабагы 25 смге жетет, өтө бутак­туу. Жалбырагынын уз. 3‑6 см, майда тилкелүү, гүлү ак же саргыч, ар бир бутагынын учунда 2 -3 төн жайгашкан. Мөмөсү – тоголок кутуча, май, июлда гүлдөп, августта уругу бышат, уругу кара күрөң түстө. Топурагы шор өрөөндөрдө, короо айланасында, такырлар­да өсөт. Уругунан гар­мин, гармалин алка­лоиди алынат. Мал же­бейт. Кырг‑ндын көп же­ринде кадимки А. өсөт. Кургакчылыкка өтө чы­дамдуу. Илгертеден эл арасында дарылыкка
Файл:АДЫРАШМАН2.png

пайдаланышкан, өзгөчө малдын котурун дары­лоодо колдонулат. Тумоологон адам жаткан бөлмөнүн абасын тазартуу үчүн А‑ды түтөтөт.