АДРОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДРОНДОР (гр. h a d г о s – чоң, күчтүү) – ядро­лук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу эле­ментардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967‑жылы Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. Адрондорго бардык бариондор (нуклондор – протон, нейтрон) жана мезондор кирет. Эркин абалда бардык Адрондор (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.