АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:21, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ (ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү менен бир­диктүү документтерди даярдоо жанa таратуу сис­темасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. Адобе акробат системасы аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын про­граммаларын иштете алган каалагандай ком­пьютердик системаларда окууга болот. Бул про­грамманын калыбын Windows, Macintosh ж‑a Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү систе­малары колдойт.