АДМИРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДМИРАЛ [(ар. Амир аль (бахр) – деңизде бий­лик кылуучу)] – аскер‑деңиз флотундагы жо­горку аскердик наам. Алгач европалыктар Адмирал түшүнүгүн түз маанисинде кабылдашып, мисалы, Колумбга «Океандын адмиралы» деген наам ыйгарышкан. Бирок негизинен мусулмандар да, алардан деңиз иштеринин көп жактарын өздөш­түрүшкөн христиандар да Адмирал деп флот же эскадрага командалык кылгандарды аташкан. 18‑кылымдан флот Адмирал (армиянын генералы наамына тете), адмирал (генерал‑полковник), вице­адмирал (генерал‑лейтенант) жанa контр­адмирал (генерал‑майор), ошондой эле инженердик кеме курамы үчүн контр‑Адмирал- инженер, вице- Адмирал-инженер, инженер жана Адмирал -инженер деген наамдар пайда болгон. Кыргызстанда биринчилерден болуп Темиров Марат жогорку аскер‑деңиз чини – контр‑Адмирал наа­мын алган.