АДМИНИСТРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДМИНИСТРАЦИЯ (лат. Administratio – баш­каруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекеме­лердин же уюмдардын, башкача айтканда мамлекеттик органдар­дын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетек­чилер. Администрация: 1) кеңири маанисинде – мамлекет­тин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, ат­каруу бийлигинин жогорку жетекчилик орган­дарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкана­нын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар пре­зиденттик республикаларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамлекеттик масштабда жана облустук , райондук деңгээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары. Алардын милдеттери, укуктары республикалык мыйзам актылары менен аныкталат.
К. А. Тостокова.