АДИСТИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИСТИК – даярдоо процессинде алган жана кесиптик квалификациясынын белгилүү деңгээлин камсыз кылган билимдердин, көндүмдөрдүн жыйындысы; жумушчунун (кызматкердин) өз кесибинин чегинде чеберчилигинин конкреттүү багыты. Ал ээлеген кызматтан айырмаланып, белгилүү бир билим жана эмгек жөндөмдүүлүгүнүн түпкү тегин чагылдырат. Адистик атайын кесиптик билимден, даярдыктан же иш тажрыйбадан улам калыптанат. Ал өзүнө жумушчунун (кызматкердин) эмгек ишмердүүлүгүн толук камты­са, кесип түшүнүгүнө дал келет.