АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 НООС-(СН2)4‑СООН –эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда эрийт, этил спиртинде ж‑а эфирде аз өлчөмдө эрийт. Ал циклогексанолду азот к‑тасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек м‑н окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.