АДЕНОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕНОМА (гр. aden – без, ома – шишик) –де­недеги ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, простата бездери ж. б.) без эпителийи­нен пайда болуучу зыянсыз шишик. Анда без тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын өлчөмү, формасы ар түрдүү, көзгө көрүнбөгөн ки­чинекей көлөмдөн тартып, баланын башындай болгон эң чоң А‑лар кездешет. А. кээде залал­дуу шишикке (ракка) өтүшү мүмкүн. Ошондук­тан операция же башка жол менен өз учурунда дарылоо керек.