АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 15 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 н у к л е о т и д д е р– аденозинмоно-, ди- ж‑а три­фосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын ж‑а бир молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ ри­бонуклеин к‑таларынын ж‑а АТФнын гидролиз­денишинен пайда болот. Ал тирүү организмдер­дин жашоосунда негизги ролду аткарып, та­таал биол. бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин к‑таларынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 )– адениндин, рибозанын ж‑а эки молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын ж‑а үч молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан  пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ фер­менттердин жардамы м‑н гидролиздөөдөн алы­нат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Хим. курамы б‑ча нуклеотидцерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет.	                                                           
                                                                                      С. А. Адылов.