АДДИТИВДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДДИТИВДҮҮЛҮК (лат. additivus – кошулуу­чу) – бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына бара­бар болушун туюнткан касиет. Мисалы, көлөмдүн Аддитивдүүлүгү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бө­лүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. Аддитивдүүлүккө беттин аянты, сызыктын узун­дугу, нерсенин массасы ж. б. ээ болот.