АДДИТИВДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДДИТИВДҮҮЛҮК (лат. additivus – кошулуу­чу) – бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына бара­бар болушун туюнткан касиет. Мис., көлөмдүн А‑гү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бө­лүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. А‑кө беттин аянты, сызыктын узун­дугу, нерсенин массасы ж. б. ээ болот.