АДАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАТ (каада-салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калып­танган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө ай­ланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коом­дук пикир менен корголгон улуттук, элдик, этни­калык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү менен аткарылат жана сакталат. «Постиндустрия­лык» заман талабына жараша жаңы Адаттар ка­лыптанууда.