АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – түпкү теги бир жаныбарлардан ыңгайлануу эволюциясынын натыйжасында түрдүү топтогу организмдердин пайда болушу. Ал табигый тандалуунун на тыйжасында болуп, жашоо чөйрөсүнүн түрдүү шартына ыңгайлануунун өрчүшүнө, о. эле анын ресурстарын (жаңы чөйрө, тоют, азык табуу ж. б.) пайдалануу жолдоруна байланыштуу. Таксономиялык топторго кирүүчү организмдер дин өтө көп түрдүүлүгү А. р‑нын натыйжасы бо луп эсептелет. Мис., А. р‑сы плаценталуу сүт эмүүчүлөрдөн курт‑кумурска жечүлөр, кол ка­наттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коён сы­малдар, ача ж‑а сыңар туяктуулар, жырткыч­тар, кит сымалдар ж. б. түркүмдөрдүн пайда болушуна алып келген. Ал эми жырткыч сүт эмүүчүлөрдөн А. р‑нын жүрүшүнөн суусар сы малдар, аюулар, ит сымалдар, мышык сымал дар ж. б. тукумдар пайда болгон. А. р. түр пайда болуу процесси катары башталып, эволюциянын закон ченеминин бири катары каралат. А. р. концепциясы дивергенция ж‑дөгү түшүнүктү кеңейтет.