АДАМБЕКОВ Догдурбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 28 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМБЕКОВ Доктурбек (1955-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Карагоо кыштагы) ‒ иммунолог, медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2006). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1988). КММИни бүтүргөн (1977), ошол эле институттун аспиранты, доценти, кафедра башчысы, 2004-06-жылдары КММАнын ректору.Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985).Россия медицина-технникалык академиясынын академиги (1999). Илимий иштери иммунология жана микробиологияга арналган. Адамбеков 130 илимий эмгектин, анын ичинен 3 монография, 10 окуу китеби жана окуу куралы, 10 ойлоп табуунун, 5 РФ патентинин автору.

Эмг.: Иммунология бактериальных инфекций. Бишкек, 1995, в 2-х томах.