АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ – адамдын негизги укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуал­дык укуктардын жыйындысы. Буларга укук­тарды ж‑a эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамл. органдардын же алар­дын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери­нен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулу­гу, эгер коргоонун мамл. ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоо б‑ча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз ж‑a бейтарап калыс сот, о. эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам менен белгиленген Омбудсмен – Акый­катчы; адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди ж‑a чектерди белгилеген эрежелер кирет.
М. Керимбаев.