АДА ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
(ADA) – Паскаль (PASCAL) тилине негизделген программалоо тили. АКШда 1970‑жылдын аягында иштелип чыккан. Компьютер программасын алгач түзгөн аял программист Августа Аданын ысмынан аталган. Бул тил автоматташтырылган комплекстерди программалоо тили катары иштелип чыккан.