АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ, т о к о й м е л и о р а ц и я с ы ‒ токой өстүрүүчүлүк ж-а мелиорациялык чаралар ситемасы. Токой тигилген жерлерде шамал басаӊдап, кар ж-а суу токтойт. Микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артат. А. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйөт. А. м. агрономия, ботаника, топурак таануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Кыргызстанда бул максат м-н тигилген токойлордун аянты 3 миӊ гадан ашык.