АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган илимий, уюштуруу-техникалык, экономикалык жана өндүрүштүк система. Агромелиорация иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо ж. б. иш-чараларын камтыйт.