АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган ил., уюштуруу-тех., экон. жана өндүрүштүк система. А. иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо ж. б. иш-чараларын камтыйт.