АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 21 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Kadyrm (clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОЛАНДША́ФТ КАРТАСЫ ‒ топурак кыртышынын структурасы менен кошо түрдүү табигый жана айыл чарба өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу ж. б. жерлер) негизинде бөлүнүп алынат, аны айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык, экономикалык жактарын караган мекемелер пайдаланат.