АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ сүрөт иск-восунун түрү. Ага саясий плакат, саясий гезиттерде үгүттүк маанайдагы сүрөттөр, көркөм иск-вонун соода рекламалары ж-а элдик оюн-зоокторду ж. б. массалык чараларды кооздоодо көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. А. и-нун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө дароо таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт. А. и. өлкөнүн саясий турмушун да болуп жаткан окуяларга тез ж-а ыкчам жооп кайтарууда ар кыл саясий күчтөр үчүн кубаттуу идеялык курал болуп саналат.