АГЕНТЧИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 15 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГЕНТЧИЛИК (англ. agency) ‒ мамлекеттин, коммерциялык, ошондой эле жеке адамдардын тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм. Соода‒ өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү Агентчилиги да болот. Агентчилик өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жеке адамдардын статусуна жана багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү менен кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. Агентчилик төлөм акысы анын иш тапшыруучу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге жана тарифтерге ылайык төлөнөт.