АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР
АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР ‒ жалганмалуу же мүчөлөнмө тилдер. Алар негизден же уӊгу сөздөн кийин түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу сөз жасоо ж-а сөз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Агглютинативдик тилдерде уӊгу сөзгө ар түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу ар түрдүү грамматикалык формалар пайда болот. Азиядагы, Африкадагы, Океаниядагы көпчүлүк тилдер (мис., түрк, монгол, венгр, полинезий, банту ж. б.) агглютинативдик тилдерге жатат.