АГВАН ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГВАН ЖАЗУУСУ – байыркы орто кылымдардагы Кавказ-Албания мамлекетинин жазуусу. Жазма маалыматтары 5–9-кылымга таандык. Агван тамгасы (же Кавказ Албаниясынын жазуусу) – бул азыркы Азербайжан ж-а Түштүк Дагестан аймагындагы Чыгыш Закавказьедеги Кавказ Албаниясынын орто кылымдагы мамлекетинин жазмасы. Алфавит 1937-ж. 15-кылымдагы армян кол жазмасында табылган. Кийинчерээк табылган булактарга таянып, жазууну чечмелөө 2009-ж. жарык көргөн. Илимпоздор Нах-Дагестан тилдеринин лезгин подгруппасынын азыркы Уди тилин Агван тилинин тукуму деп эсептешет.