АГАТАН-МАНАК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40 км2ден ашык. Уз. 70 кмдей. Жеринин бети түш.-чыгыштан түн.-батышты карай жантайыӊкы; дөӊсөөлүү. Негизинен палеозойдун карбонаттуу терриген тоотектеринен

түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450‒500 мм. Өрөөн аркылуу Агатан-Манак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300‒2500 м), субальп (2500‒3000 м) ж-а альп (3000‒3600 м) ландшафты басымдуу. Жайкы жайыт.