АГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАТ (фр. аgate, лат. achates ‒ Сицилия а-ндагы байыркы Ахатес д-нын атынан) ‒ минерал, халцедондун бир түрү. Катталышкан түрдүү түстөгү жука (10 мкмге чейин) жикчелерден тургандыктан, ар кандай өӊдө кубулжуп

Файл:АГАТ4.png

көрүнөт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,0‒6,5. Жикчелердеги түстөрдүн айкалышына жараша о н и к с (ак менен кара), к а р н е о л о н и к с (кызыл менен ак), с а р- д о н и к с (кызгылт күрөӊ менен ак), а г а т (көгүлтүр боз менен ак) деп аталат. Жанар тоо тектеринин көӊдөйчөлөрү менен жаракаларында пайда болот. Кооздук жана асыл таш катары, о. эле тех. аспаптарды даярдоодо колдонулат.