АГАЖАРИ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 17 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Ирандын түш.-чыгышындагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуӊунун чегинде жайгашкан. 1936-ж. ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км2. Алгачк ы нефть запасы 1,9 млрд т, газ 263 млрд м3. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереӊдиги 1550‒1250 м, жогорку бор акиташы‒ 1700 мден жогору. Нефтинин тыгыздыгы 852 кг/м3, күкүрттүүлүгү 1,4%. Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна ж-а Абадан ш-ндагы нефть ажыратуучу з-дго чейин жеткирилген.