АВТОХТОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 15 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОХТОНДОР, а б о р и г е н д е р ‒ эволюция процессинде белгилүү бир жерде пайда болуп, азыркы мезгилде да ошол жерде жашап жаткан организмдер. Өрдөк тумшук жана эвкалипт Австралиянын, кумурскачылар, илээндилер, жапайы картошка Түндүк Американын Автохтондору болуп саналат. Автохтондор кандайдыр бир флоранын же фаунанын байыркы ордосу. Ал систематикалык ар кандай деӊгээлде каралат.