АВТОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОХО́РИЯ (авто... жана гр. choreo - тарап жатам) ‒ өсүмдүк мөмөсү менен уругунун сырткы таасирдин жардамысыз эле өзүнөн-өзү таралышы. Бышып жетилген мөмөлөр күч менен чарт жарылып ачылганда уруктары 1 мден 5 мге чейин (механохория) чачылат жана салмагын көтөрө албай жерге үзүлүп түшкөн мөмөлөр аркылуу таралат (барохория). Механохория ашкабак сымалдарга, чанактууларга ж. б. мүнөздүү.