АВТОТОМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 15 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОТОМИЯ (автожана гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «Автотомия» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). Автотомия омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мисалы, актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда А.втотомия органдын белгилүү бир жеринде болот. Мисалы, кескелдириктин Автотомиясын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.