АВТОРЛОШКОН КОТОРМО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:29, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРЛОШКОН КОТОРМО – котормочунун автор м-н бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которуусу. Мис., «Абай» романын Л. Собелев автор м-н бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбып эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева м-н бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мис., Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.