АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР – автордук келишимге ылайык, авторго (анын мураскоруна) басмакана тарабынан акысыз негизде берилген китеп басылмасынын экземпляры (нускасы). Адабий чыгарманын биринчи басылышында 10 автордук экземпляр берилет. Кайра басылып чыккан учурда авторлордун санына карабастан 2 экземпляр берилет. Которулуп басылып чыккан чыгарманын авторуна, сүрөтчүлөргө, график сүрөтчүлөрүнө ж-а музыка авторлоруна автордук экземплярдын аз саны берилет. Учурда автордук экземпляр ушундай эле тартипте жүргүзүлөт.