АВТОРДУК НИЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК НИЕТ, з а м ы с е л – автордун жаза турган чыгармасы жөнүндө алдын ала түзүп алган планы; чыгармада көрсөтө турган окуяларды, айта турган ойду белгилеп алышы. Автордук ниеттен кийин гана автор жазууга киришет. Автордук ниет эки түрдө болушу мүмкүн: биринчисинде, автор окуялардын жүрүшүн болжолдоп жоромолдоп алат, демек сюжетке байланышкан автордук ниет; экинчиси, идеялык ниет, мында автор чыгармасында өзүн толкундаткан проблемаларды ж-а конфликттерди тандап алат. Акын-жазуучулардын автордук ниетин ж-а чыгармачылыгын иликтеп көргөндө, алардын алгачкы ой-божомолдору чыгарманын жаралуу процессинде өзгөрүп кете тургандыгы да белгилүү. Мис., Ч. Айтматов «Ак кеме» повестин чакан аңгеме гана кылгысы келген экен.