АВТОРДУК КЕП
‒ чыгармадагы каармандардын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин ж-а шартын сүрөттөгөн автордун баяндоосу. А. к. каармандын мүнөзүн тереӊ ачуу максатында келтирилет да, негизинен окуянын өнүгүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча кара сөздө колдонулат.