АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ (АОС) ‒ окуу программасынын бир түрү. Предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация жана маалымат берүүдө, окуучуга жекече мамиле кылуу менен убакытты кыскартууда жана окутуунун сапатын көтөрүүдө, окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда, окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда жана статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат. Ал окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташтырылып педагогикалык изилдөөлөрдө жана эксперименттерде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, ошондой эле окуу программаларын жана материалдарды дифференциациялоо жана кеӊейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл. Кеӊири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ЖОЖ» (ЭЭМЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн).