АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ к о м п ь ю т е р д е ‒ башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-техникалык жана уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. Автоматташтырылган жумуш орунунун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана аны жиберет, кеӊешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин ж. б. Автоматташтырылган жумуш орундары кеӊири белгилүү.