АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО) (Workstation-Автоматизированное рабочее место). АЖО – бул автоматташтырылган жумуш орун, ал компьютер негизинде түзүлөт жана тиешелүү жабдуулар менен программалык жабдыктарды камтыйт. АЖО башкаруучу кызматкердин профессионалдык милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон маалыматтык ресурстар, программалык-техникалык жана уюштурууу технологиялык жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын комплексин билгизет. АЖОнун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана жиберет, кеңешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштурат, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтер ж.б. АЖОлору кеңири белгилүү.


Файл:АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО.jpg