АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАММАЛЫК ЖАБДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ (Computer -Aided Design Software-Програмное обеспечение автоматизированного проектирования). Автоматташтырылган долбоорлоонун програмдык жабдыгы ар кандай объекттер, буюмдардын долбоорун түзүүдө колдонулат. Долбоордун айрым бөлүгү же бүтүндөй өзгөртүлсө жыйынтыгын ошол замат алууга мүмкүндүк берет. Иштелип жаткан буюмдун үч өлчөмдүү көрүнүшүн айлантып же белгилүү бурч менен кыйшайтып кароого мүмкүндүк берет. Бул програмдык жабдыктын үлгүлөрү электрондук схемдерди долбоорлоодо, моделдөөдө, ландшафттык долбоорлоодо жана офис эмеректерин жайгаштырууда колдонулат. AutoCAD жана Parametric пакеттери кеңири таралган програмдык жабдыктарга кирет.


Файл:АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ.jpg