АВТОЛИТОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОЛИТОГРАФИЯ (гр. autos ‒ өзүм, lithos ‒ таш, grapho ‒ жазам, тартам) ‒ литографияны

Файл:АВТОЛИТОГР АФИЯ23.png
О. Абсаттаров. «Сүйүү багы». 2004.

аткаруунун бир түрү. Бул ыкмада сүрөтчү тикеден-тике таштын өзү менен иштейт жана ушул ыкма менен аткарылган графикалык чыгарма да автолитография деп аталат. Сүрөтчү толугу менен, тактап айтканда, басмага басуунун толук технологиялык процессин литографиялык ташта көркөм иштөөнүн өзүн камтуу менен аткарат. Ташты иштетүү жана басмада басуу уста-полиграфист аркылуу жүргүзүлөт. Ташка тартылган чыгарманын көркөмдүгү сүрөтчүнүн жеке изденүүсүнө жана таштын формасына, аспаптарды колдонуусуна жараша болот. КРдин Сүрөтчүлөр союзундагы басма графика өнөрканасы Австрия жана Швейцария өлкөлөрүнүн колдоосу менен уюшулган (2005). А. Касымалиев.